Ырлар

Жубайыма

Жубайыма

Жоодураган кара көз,  жалжалымсың,
Алган жарым, сүйүктүүм, ардагымсың.
Жашоомо жарык нурун чачыраткан,
Жакшы көрүп жар кылып алганымсың.

Өмүр бою өчүрбөй ак сүйүүбүздү,
Жашасак шаңдуу кылып күнүбүздү.
Жаркылдап жанымда жүрсөң дайым,
Жарык кылып, жылуу кылып үйүбүздү.

Үшүтпөй коломтомо тамызып от,
Үзүктү улап, чачыгым жыйнап турсаң.
Мен сени сүйүп алам, сыйлап алам,
Сен да мени кадырлап сыйлап турсаң.

Кайгырсам тең бөлүшүп капалыкты,
Кубанычка, шаттыкка бөлөп турсаң.
Бийиктиктерге жетебиз биргелешип,
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөп турсаң.

Турмуштун ысык, суугун көрүп бирге,
Жыгылсак тирөөч болуп таяп турсак.
Урушпай ынтымакта болуп жаным,
Ар дайым бири-бирибизди аяп турсак.

Бажырашып бакытка бөлөп турса,
Базар кылып үй ичин балдарыбыз.
Адиптүү уул-кыздарды чоңойтсок биз,
Ошол биздин коомго кошкон жардамыбыз.

Айтмарек уулу Алымкул
https://ok.ru/profile/559997509200/statuses/69256417973584
12.11.2018

(эски дептерден)
Кечигипмин

Жолукпас болуп кайра, мен сенден айрылыпмын,
Мен үчүн азап чегип, сен нечен кайгырыпсың.
Ызгаар кыш каптап азыр, жан дүйнөм үшүп турат,
Башканын жан дүйнөсүн жайнаган жай кылыпсың.

Көрүшпөс болуп кайра, мен сенден бөлүнүпмүн,
Жашыңды жамгыр кылып, асмандан төгүлүпсүң.
Кап-кара сур булутту үстүмө  үйүп коюп,
А сен башка жанга күн болуп көрүнүпсүң.

Жеңилип жеңил ойго, мен сени кетирипмин,
Өзүңсүз өткөн күндө сыныпмын, кетилипмин.
Байкабай бузуп алып сүйүүнүн мыйзамдарын,
Жалгыздык абагына көп жылга кесилипмин.

Сүйүүсүз балким эми, түбөлүк өмүр кечем,
Сүйүүнүн кемесинен бул жолу кечигипмин.

Айтмарек уулу Алымкул

Баракчасында дагы чыгармалары бар https://ok.ru/profile/559997509200

Статьи по теме

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»