Ырлар

Ордолуу Оштун кыздары

Ордолуу Оштун кыздары өзгөчө сулуу болушат.
Ака деп көңүл эргитип,жүрөктөн чайын сунушат.
Күлмүңдөп күлүп койгондо,күлкүсү шыңгыр угулат,
Бир татым назик күлкүсү,
Сезимдер менен жуурулат.

Жаштардын шаары Жалалабад,
Көркөмү укмуш башкача.
Жалалабаддык кыздардын
Пейили сүттөй таптаза.
Жебей бир кетсең арманда
каласың бышкан жүзүмүн.
Ооз тийип мөлтүр жемишин,
Аралайм элдин түндүгүн.

Төө ашуудан өткөндө
Таласка кирип барасың.
Таластын эли меймандос,
Кеталбай көпкө каласың.
Бешбармагын тартышып,
Сөздүн майын калпышып,
Айчүрөк сындуу кыздарын…
Кеталбай сыздайм калтырып…

Таластан эми чыкканда,
Алдыман чыкты Чүй кызы.
Бал кошкон кымыз сунушуп,
Абдан конок кылышты.
Коштошуп эми кайтаарда,
Орусча сүйлөп аттиңай,
Көңүлдү жаман оорутту.
А бирок берген кымызын,
Денемдин баарын кызытты.

Көркөмү сонун Ысык-Көл,
Бермети экен кыргыздын.
Көңүлүм көрүп толкуду,
аккуудай сулуу бир кызын.
Кылактап басса жарашкан
Кыздары сулуу көлүмдүн..
Эс алып келип кеткиң жок,
Өткөргүң келип өмүрдү.

Аттадым анан Нарындын
Ак мөңгү тоолуу айылын,
Каракөз тоолук кыздардын
Табы укмуш сунган сайынын.
Жубайым кылып алсамбы
Перисин тандап Нарындын?
Коштошуп узап кете албай,
Кыйылдым,таппай дайыным.

АВТОР Чынберди 👉♚ ☆Эргешов☆ 2015

Статьи по теме

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»