Ырлар

Оо Жараткан

Оо Жараткан
Тагдыр жолун туздоп бер ,
Ден соолукту омурлорду жуздоп бер .
Канча азап кайгы салсан омурдо ,
Сабырлыкты пенделерге жуктоп бер .

Оо Жараткан
Сыноолорду женил бер
Адамзатка ченебей кеен пейил бер
Жалган дуйно азабына тутоорбуз ,
Чын дуйнонун бейишинен орун бер.

Оо Жараткан
Куноолорду кечиргин,
Билип билбей канча куноо кетирдим .
Доспу, душманбы, ага- ини тууганбы ,
Кечиргиле, мен да силерди кечирдим .

Автор .Ч.Байташова

Сезимимди көрдүм…..
Кулака тааныш жагымдуу үндөн селт карадым.
Көздөрү көздөрүңө окшошкон кичинекей бөбөктайыңы ээрчитип өтүп баратыпсын. Суу ичем деген бөбөктайыңа -«азыр балам азыр «-деген үн мага аябай жакын үн ,тааныш добуш.

Колдоруму бириктире бетими тосо калдым…билбейм эмнеге?
….Уялдым бекен е? …..же кубанычтан жарылчуудай жүзүмдү тостум бекен…
Караанынды узатып албайын деп ордуман тура калып артынан карадым.
Бөбөктайына бутылка суу өзүнө башка суу алдын.Катуу суусаган окшойсун,ысыктын күнүндө кере кере жутуп алдын.
«…Элесте калган карек» …Алланын буйругу менен көрүүнү насип этти…шүгүр.
Сен көзүмө тике карабасан да мен көрдүм ,каниет.
Бөбөктайыны жетелеп алыстаап бараттын.Өзгөрбөгөн каректерини элестетип артынан акмалап анча жерге бардым.Көрүнүүдөн тартындым,ыйбалуу жүрөгүм жол бербеди. Анткени сен үй-бүлөөлүүсүн.
Арадан өткөн көөп жылдарды эсептеп кыңырылып артыма кайттым.Карачы ,билинбегени менен 20 жыл өтүп кетиптир.Алда байкуш жүрөгүм ай кечир мени ушшунча жылдан бери сүйүү деп кыйнап келгеним үчүн.

….Каректе калган карек …

Көз эч качан каарыбайт тура……

Бир күнүмдүн бир мүнөттүк бактылуу көз ирмеми.

Боз баскан чачын ,сылтый баскан бутун, каарылыка бериле баштаган жүзүнү көрсөм да сени каарылыка кыйбадым.
Тигиле карап өткөн жаштыкты эстеп. Ошондогу катылган карек ,айтылган жылуу сөздөр ,кармашкан колдор, эсепсиз убадалар. …..баары мени жаштыка бир алып барды.Кылкылдаган көз жашым сени көргөнүм үчүн келдиби? же сагынуу көз жашыбы? аңдап жете албадым. Көлкүлдөтүп көздөн агызсам сенден дагы айрылчуудай коркуп алыстап бараткан караанына тигиле карап тура бердим.

Карап тура бердим….

Сарыдан кийген футболкачан караанын уламдан улам алыстап, караанын бөбөгүндөй болуп кичирейгиче көз ирмебедим.Ирмесем көздөн жаш токтобой акчуудай карегиме көл кылып сактадым.
Күттүргөн карек көрүшпөгөн сагыныч дагы да кыялдануу ,дагы да күтүү билбейм качанга чейин уланааар экен…..

Же балким бир күн бет маңдай кезигеербиз…..

Үзүлбөгөн үмүт…….

Ч.Байташ

Статьи по теме

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»