Ырлар

Оо жараткан….

Оо жараткан….

Кутуп жургон жаз да келди..,март келди,
Жалгыз келбей мартка кошо дарт келди.
Пейил кетип,ыйман кетип турганда,
Жараткандан «ойлон»деген шарт келди.

Оо кудайым..,бар экениң билгиздиң,
Көпкөн элек..,эсибизге киргиздиң.
Тумшугубуз асман тиреп калды эле,
Тумшуктарды жерге кайра тийгиздиң.

Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Баштарды да жайнамазга тийгиздиң.
Өлбөчудөй өпкөбуз көөп калды эле,
Мурдубузга өлум жытын тийгиздин,

Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Баарын тегиз акылына киргиздиң.
Бай кедейге калган элек болунуп,
Баарыбызга окшош беткап кийгиздиң.

Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Коп адамды акылына киргиздиң.
Кочугубуз жер жыттабай калды эле,
Баарыбызды айдап уйго киргиздиң.

Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Чоңдорду да акылына киргиздиң.
Чиригендер эл башкарып калды эле,
Чимкиригин чубап жерге тийгиздин

Оо жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Байларды да акылына киргиздиң.
Байлык менен баарын өлчөп калды элде,
Бир заматта баарын тең кан сийгиздиң…

Автор Айболот Абдырахманов

Мыкты жигит, уйдон табат байлыгын,
Аялына алып келет айлыгын . ))
Жоопту болуп, милдетин так аткарып,
Алыс кетсе, айтат дайым дайынын.

Каттуу айтпайт, жубайынын айыбын,
Сыйлап турат тууган, журтун кайынын.
Жары менен, жаман суйлоп тартышпайт,
Жакыным деп, тогуп турат жалынын.

Сен кыргызсын кыргыздыгын унутпа,
Кыргызымдын намысыны курутпа,
Ким корот деп сойрон тартып кочодо,
Кылык артпа кыргыздан болок улутка.

Кыргыз кызы сакта ар намысын,
Таштагынын кылыктарын баарысын,
Озго элге тебеленип кор болуп,
Окунбогун таппай кийин даарысын.

Мага жар керек!!!
Жанымдан чыкпай турган
Жанымда уктай турган
Жаман сөз ушактарды
Жакшылап укпай турган
Жылытып жүрөктөрдү Жүрөккө ыктай турган Камырды ийлей турган
Каарыма тийбей турган
Көө кылып көөдөнүмдү
Көңүлгө чийбей турган
Кашында турганымда
Кысылбай бийлей турган Ойлонуп сүйлөй турган
Очокту үйлөй турган
Кыямат күндө дагы
Колумдан сүйрөй турган

Махабатка чалдыкпаган адам барбы
Махабаттын денизине сузот баары
Коз жеткиз аягы жок кучагына
Капысынан кабылат журок дагы

Журокту баш ийдирип — махабат,
Таттуу создор жан дуйнонду мас кылат!!!
Тенелгис тулпар болуп чыга келсен
Жугону жок жайдак гана минип алат!!!

Статьи по теме

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»