Ырлар

Качан туясың?!

Бир өзүңдү жалгыз тандадым,
Жүрөгүмдү сага арнадым,
Алоолонгон назик сүйүүмдү,
Айтчы, жаным,неге туйбадың.

Жылдыз болуп көзгө көрүндүң,
Ашык болуп сага берилдим,
Кол кармашып жүрчү жанымда,
Каалаганы сенсин көңүлдүн.

Тагдыр мени мейли сынасын,
Ак сүйүүмдү качан туясың,
Карегимде дайым элесиң,
Күлүмсүрөп тиктеп турасың.

Автору: Гулянда Акунова Ат-Башы району

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Статьи по теме

2 Комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»