Китеп

Аялды аңдыган караан

Аялды андыган караан

Болумуш


Ош -2012
УДК
ББК
Рецензиялаган: Филология илимдеринин кандидаты, доцент Курсан Пахыров.
Жазуучу-акын Сабыралы Абдукаримовдун бул жаңы жыйнагына, эл оозунда айтылып жүргөн уламыштар менен чыныгы табияттын кубулушундагы адам заттына бири-бирине болгон карым-катнашы жөнүндө баяндайт.

Абдукаримов.С. 2012.

Аялды андыган караан

Болумуш

Апрель айынын ортосундагы күндүн жылуулугу далыдан өтүп мээримдүү жүргөн шамалдын илеби үйдүн ортосунан орун алган секчени айланып, адамга жаздын келгенин кабар бергендей. Секчеде биз бешөө элек. Ортодо жайылган дасторкон. Сөз кызуу. Бул окуяны Замиранын өзүнөн укканда анчалык ишенген жокмун. Көпкө толгонуп жүрдүм. Күндөрдүн биринде Замиранын курбусу Кадичага жолугуп калып, аңгемелешип олтуруп, сырдуу күч баянын андан да угуп, чындап эле аалам кубулушунда бизге белгисиз күчтөрдүн бар экендигине ынандым. Эмесе ошол окуяны ирети менен баяндап берейин. Бул ирет Замираны кайрадан айттырууга туура келди.
— Бул күчтү мен алгач-деп сөзүн баштады Замира, -1990-жылы байкадым. Биринчи турмушумдан жолум болбой, экинчи ирет турмушка чыктым. Кийинки жолдошумдун ата-энеси жайлоодо болгондуктан, бир жылдан кийин эле мени ошол жакка алып барып койду. Жолдошум анда – санда гана жайлоого барбаса, көпчүлүк учурда шаардагы үйдө болчу. Экөөбүздүн таттуу махабатыбызды мен көпчүлүк учурда түшүмдө гана көрчүмүн .
Күндөрдүн биринде жайлоонун түнкү жылдыз чачкан талаасындагы очок боюнда олтурсам, кимдир бирөө менин этегимди тарткандай болду. Ага удаа кандайдыр бир жагымдуу күлкү кошо жаңырды, айланып карасам эч ким жок, мен кайнилерим окшойт деген кыязда анчалык этибарга албадым. Ошентип түнкү төшөк салынуучу учур келип, баарына жай салдым күндөгүдөй эле, баарыбыз жатууга баш койдук. Түн бир оокум болуп калган, артымдагы төшөк көтөрүлүп ачылып, койнума кимдир бирөө киргендей болду. Өзүм уйку-соонун арасында жаткандыктан колум менен сыйпалап, эч ким жок экендигине ишенгенден кийин, кайра уйкуга көөшүлдүм. Канча убакыт өткөнүн билбейм бир оокумда, (түш же чын экендигин ошондогу учурду азыр да толук ажыраталбайм) туйбаган абалда кандайдыр бир укмуштай жыт менен келген эркек адам менен, түнү бою айтып бүткүс махабат жыргалын көрдүм. Эртең мененки салкын жел менен козулардын маараганы мени уйкудан тургузду. Туруп эле эки жагымды карадым. Төшөгүмдө өзүм эле экем. Андан нары кайнилерим, кайната-кайненем көөшүлүп уктап жатышканын көрүп, бул түшүм туура деген ойдо өзүмдү-өзүм сооротуп, күндөгү кылып жүргөн ишими аралашып кеттим.
Ошентип бул түшүм эстен чыгып, жолдошумду сагыныч менен күтүп жүргөн күндөрдүн биринде короодогу койлор жоголуп, аны түп көтөрүлүп издөөгө чыктык. Кайнатам бир тарап, кайнилерим бир тарапка, мен бир тарапка койду издөө үчүн бөлүндүк. Мен издеп бараткан жакка жүз метр баскандан кийин эле, артымдан кимдир бирөө кошо келе жаткандай сезим туюлду. Артымды улам карап коем, эч ким көрүнбөйт, ошентип жолумду улай бердим. Баягы сүр, добуш улам жакындагандай болот. Алгач майда калтырак басты, кийин өзүмдү-өзүм алдап, -адам болсо акыры чыгат-деген ойдо жоготколоп коюп кете бердим. Тоого улам өрдөгөн сайын демим кысылып, чарчоону сездим. Бир аз болсо да эс алайынчы деген ойдо кырааңдагы ташка чыгып олтурдум. Күн эми гана кылайып батып баратканын көрүп, ага суктана карап турганымда, артымдагы адамдын белимди дароо кучактап алганынан чоочуп кетип, отурган ордумдан тура калдым.
Айланамды карап эч кимди көрө албаган соң, коркуу сезими күч алды. А түгүл майда калтырак басып, бешенемден чыпылдаган тердин чыкканын байкадым, денемден ысык оттун алоосу бар экенин туйдум. Турган ордумдан тура качып кетеримди же ордумда тура береримди билбей, чырмалышкан ойлордун туткунунда калдым. Канча убакыт өткөнүн билбейм, өзүмө-өзүм келгенде, жылдыздардын асманда жымыңдап турганын, жарты тилим дарбызга окшогон айды көрүп, түнкү сыдырым желге ичиркене түштүм. Жанымда эч ким жок экендигине ынангандан кийин, турган ордумдан кыймылдайын десем, көк шиберде жатканымды байкадым, аябай чарчап калганыма таңдандым. Мен жаткан жердин чөптөрү уйпаланып, кимдир бирөө менен өтө алышканымды айкындап турду.
Ошентип, койду издебестен үйгө кайтып келдим. Денем талыкшып оор тартып турду. Кайненем, кайнатамды тилдеп, кайнилеримдин көздөрү алайып, айтоор үй тополоңго түшүп жаткан экен…
Келип эле төшөккө жыгылдым. Үч–төрт күндөн кийин кайра мурдагыдай тириликке аралашып кеттим бирок, өткөн күндөгү окуяны аларга айтып берген жокмун. Көрсө мен ошол күнү кой издеп чыгып кеткен боюнча, таңга жуук үйгө келген экем.
Арадан күндөр өтүп, күйөөм жайлоого келип калды. Сүйүнүчүмдү айтпа. Кубанганымдан баарын кылууга даяр элем. Кечке бирге болууга убакыт болбоду, кенен сүйлөшө да албадык. Жайлоодо күн батса эле, түн кирип, жаттууга кам көрүлө баштайт эмеспи. Чай ичилип, төшөк салынды. Баарыбыз бир боз үйдө болгондуктан, салт боюнча акырында жатуу менин мойнумда болчу. Идиш-аяктарды жууп артта калдым. Жолдошум жатып эле уйкуга кетти. Үйдөгүлөр уйкуга көөшүлгөн маалда мен да жаттым. Көзүм уйкуга илине түшкөн экен, күйөөм бир маалда тура калып, төшөктү ары-бери силкип кирди. Кайнатамдардан уялганымды айтпа, -эмне болду десем, өзүнчө эле күңгүрөнүп, сөгүнүп-сагынып эле жатты. Ошентип, таңды атырдык.
Чак түш болуп калган кезде жолдошум экөөбүз айтыша кетип, сөзүбүз сөз кубалап олтуруп, ал мени жаакка чаап жиберди. Урушубуздун аягы «мен кетем» менен бүтүп, жолго чыктым. Эч ким жолумду тоскон жок. Үйдөн кыйла узап, ыйым токтобой көз жашымды аарчып коюп кете бердим. Бир кезде аттын дүбүртүнөн артымды карасам, күйөөм келе жаткан экен. Келип, аттан түшпөй эле, — Кайрыл, кеттик үйгө, бас- деп, жатам -деп, өмгөктөп кирди. Мен болсо жулкунуп болбойм. Бир кезде күйөөм аттын үстүнөн туруп эле камчы менен бир койду. Чыңырып барып олтуруп калдым. Талаа ээн, эч ким жок. Ушундайда кимдир-бирөө арачылаганга келип калабы, — деп, үмүт кылат экенсиң. Күйөөм ат менен үстүмөн ары-бери өтүп, — үйгө жүр болбосо, өлтүрүп коем деп, зекийт. Дагы камчысын үйрүп ура берерде, көзүмдү жумуп олтура калдым. — Ии, энеңди урайын, — деп эле «дүп» дей түштү.
Карасам, аттан түшүп жерде жатыптыр. Турганга болбой ат үркүп өзүн тебелей баштады. Өзүмдүн ооруган жериме карабай күйөөмө жүгүрдүм. Ат жалтактап качып, карматпай кыйлага убара кылды, акыры кармап келдим. Күйөөм ордунан туралбай кыйналганын көрүп кайра боорум ооруду. Эптеп аны атка артып кайра үйгө кел¬дик.
Түн бир оокумда эле этегимден бирөө тартат, тура калдым. Боз үйдүн эшиги көтөрүлүп, кимдир бирөө чыгып кеткендей болду. Артынан чыкканга дитим барбады. Корктум. Түндүн шоокуму делебемди козгоп ого бетер корунучту болуп көрүндү. Жанымда жаткан жолдошумдун жылуулугу калбагандай, тескери карап жатышы да өзүнчө бир шойкомду ичтен кабар бергендей болуп, жүрөгүм алып учуп ошол түнү такыр уктай албай койдум. Боз үйдүн тешигинен Айга, Түнгө карайм. Зарыгып кимдир бирөөнү күткөндөй болом. Ата-энем да көптөн бери келише элек. Аларды да ойлоп коем. Таңдын атышы кыйын болду. Төшөгүмдө ойлуу жатам. Бет алдымда түнөргөн түн. Боз үйдүн жыртыгынан анда – санда көрүнө калган Ай өзүнүн сулуулугуна, алыс-алыс бийиктикке чыгып алып, көктө турганына мактангандай жылт этип, кайра бос тоскон туурдуктун бүтүн жерине кирип көрүнбөй калат. Ойлорумдун чалдыбары чыгып, такыр эле бир жерге токтобой түндүн кыйласын өткөрдүм. Бир кезде кайнатамдын күшүлдөп бышылдап, ооналактап туруп жаткандыгын байкадым. Демимди ичиме тартып жатып, уйкуга кантип киргенимди билбей калыптырмын. Мен турганда таң эчак атып, уй саай турган убак болуп калган экен, туруп эле малга аралаштым. Жолдошум болсо онтоп ордунан турган жок. Энем менен атама болгон окуяны толук айтып бербей, ат сүдүрөп кетти деп-койдук. Алар биз урушкан чакта, чөлгө түшүп кетишкен болчу. Мен дагы арманымды айта албай ичимде катып кала бердим. Ошентип арадан бир жума өткөн соң, күйөөм шаарга баса берди. Мен дагы жайлоодо калдым.
Арадан 2-3 күн өтпөй эле, күйөөмдүн ооруканага жатып калганын айтып келишти.
Кайнатам шаардагы үйгө кетип, энем экөөбүз үйдө калдык. Эртеси кайнатам келип, кайненеме–балаң ооруканада эмей эле камалып калыптыр – деди. Жүрөгүм «шуу» – дей түштү. Эмне кылар айламды таппай, ары – бери иш кылган болуп жүргөн менен, тынчым кетип санааркай баштадым.
Көрсө, күйөөм үйгө барып эле, достору менен арак ичип, аягында мас болуп алып, досторунун бирине кол көтөрүп, аны катуу жаралантып койгон экен. Ошентип «групповой», камалып, а түгүл иши сотко ашып калыптыр. Ары жүгүрдүк, бери жүгүрдүк бирок, айла таппай, алты жылга кесилген күйөөмө ич ачышып кала бердик. Көп өтпөй мени шаардагы үйгө жөнөтүштү, тамак ташып тур дешип. Ошол күндөн баштап шаардагы үйдө жашай баштадым. Дос, курбу курдаш болбогон соң, көчөгө чыгуу деле кыйын экен, анан калса кошуналарыбыз «күйөөсү камалып кеткен» дешип күбүр-шыбыр кыла беришкенинен деле тартынып калат экенсин. Көбүн эссе үйдө болом. Жалгыздык жан дүйнөмдү эзип, өткөн күндөрдү көп эстөөчү болдум. Ошентип тынч, бейкут жашоомо бүлүк түштү.
Көп күндөрдүн бири болчу, түштө диван үстүндө китеп окуп жатып, уйкуга көзүм илинип кеткенин байкабай калыпмын.
-Алтыным, жан биргем, мен сенсиз мындан ары жашай албайм. Сенсиз бир мүнөт жашай албай калдым көрүнөт. Бассам да, турсам да, ойлогонум жалгыз сен. Сен аны сезип жүргөнүңө ишенем, ишенем деп кулагыма шыбырагандай добуш угулуп, эриниме эринин тийгизгендей болду. А түгүл демин да даана туюп сездим. Ордумдан тура калдым, эч ким жок. Баягы эле диван, окуп жаткан китебим. Бирок, добуш, эринге эриндин тийгени, кандайдыр бир эркектин жыты мурдума сиңип турганы эсимден такыр чыкпай туруп алды.
Отуруп, отуруп түш деп жооруп койдум. Түш, өң экендигине өзүм да анчалык ишене албай олку-солку ойдо калганым менен өзүмдү-өзүм түш деп ишендирүүгө ниеттендим. Ошентип кеч кирди, тамак ичип, төшөк салынып жаттым. Көздү уйку ала качып, тез эле уктап калдым.
«…Булак боюндагы чоң ташта олтурам, жанымда ай келбеттүү сулуу жигит мени менен суу чачышып ойноп жатат. Суунун шарынан сөздөрү бирде угулса, бирде угулбай бүдөмүк. Бир кезде жигит суудан чыгып, менин бутумдун астына келип, колун сунду, мен да ага колумду бердим. Ал колумду кармап, өзүнүн жалаңач денесине коюп, мени бир жыргап тиктеди дейсиң, аны сүрөттөп айттуу кыйын, көздөр көздөргө арбалып, эки дене бириге түшүп, ушул мамилебиз түбөлүк өмүрүбүздүн аягына чейин үзүлбөөчүдөй, өзгөрүлбөөчөдөй, бузулбаачудай катып турдук. Баардык жан дүйнөм коргошундай эрип, анын ыгынан чыга албай, ал каалаган нерсеге бүткүл эрким менен сүңгүп кирип кеттим. Бул түн менин жашоомдун туу чокусу болчу. Ал да ажырай албай алдастай, сөздөрү алыстан чыгып, кандайдыр бир комуз күүсүнөн, назик үн менен сүйлөгөнсүп жатты. А мен болсо – мени кечирип кой. Сенин ким экендигиңди билбейм. Менин ким экендигим сен билбейсиң, -деп жалбарып жаткандаймын. Ал болсо:
-Берекем, болду, эми сени эч кимге бербейм. Болду, -деп аймалайт. Ошентип экөөбүз чырмалышып көпкө жаттык. Кыязы чарчадык окшойт, чалкабыздан түшүп жатып алып сүйлөшөбүз. Тигил жигит, -Эсиңдеби, күйөөң сени ат менен кубалап урганда чыдабай кеттим. Анан ат болуп алып аябай тээп кумардан чыкпадымбы…
-Сен ат боло аласыңбы?
-Ар кандай нерсе боло алам.
-Дагы эмне боло аласың?
-Эмне буйрусаң ошо болом.
-Ит болчу?
-Койчу, такыр ит болгум келбейт. Андан башкасын айтсаң, мен иттен аябай коркком.
-Ана колуңдан келбейт экен го?…
-Ишенбейсиңби, күйөөң сени урганда, андан ажыратып алып түрмөгө салган да мен. Ошонун уу муштумунан сени куткарган да мен. Мен…
-Акмак. Ордумдан кантип тура калганымды билбей калдым. Чын эле дивандан түшүп тикемден тик турган экем.
Ызаамдын кайнаганы дагын деле кете электигин сездим. Бирок, төшөктө эки жаздык турганын көрүп, денем ичиркене түштү. Мен төшөктү өзүмө салгандай эле болом. Анан калса төшөктүн уйпаланып калгандыгы, андагы тердин жыты кадимкидей сезилип жатты. Корку сезими күч алды. Тш же өң экендигин ажырата албай аң-таң калдым. Ордумда катып калгандай тура бердим. Капыстан эшиктин коңгуроосу басылганда гана эсиме келдим. Коркконумдан бир жаздыкты алып төргө ыргытып жибердим да, жуурканды дивандын үстүнө чыгарып, эшикти ачтым. Сырта апам туруптур.
-Кириң-дедим.
Апам менин түсүмдү көрүп эле, — Эмне болду. Ооруп турасыңбы?-деп суроо артынан суроо узатып чый-пыйы чыгып кетти. Апама түшүмдү айтып бердим. Ал болсо чыныгы суу алып келип, айландыра бир нерселерди айтып, -түкүр-деди. Бир аз эс алган соң, өткөн окуяларды да айттым.
Апам мени ошол күнү айылга алып кетти. Ал жерге барганым менен көңүлүм көтөрүлүп, кадимкидей калыбыма келген жокмун. Күн өткөн сайын ооруп, ар кайсы жерим сайгылашып айтоор, абалым мурдагыдай эмес болчу. Докторго да алып барышты. Врачтар боюмда бар экендигин, ошондон каным азайып кеткендигин айтышып, ооруканага жаткырышмакчы болушту. Негедир ал жакка көңүлүм тартпай туруп алды.
Үйгө кайра келдим. Өз үйүмдү сагынып, тынчым кетип, уйкум качып, өзүмчө эле бушайман болуп жүрдүм. Кала берсе кайсыл бир жактарга да качкым келип, көңүлүм алакты. Жүрөгүм элеп-желеп. Жанымды жай алдыра албай айла издейм. Мунун дарысын таба албасымды да билем. Ошентип, кандайдыр бир сагыныч, кусалык мени арбап алды.
«Күндөрдүн биринде үйдө жатсам, маңдайдагы токой тараптан кандайдыр бир мукамдуу үн сызылып чыгып, мени чакырып жаткандай боло берди, мен ошол күүгө арбалап тургандай башымды төшөктөн көтөрдүм. Бул үндү мен мурун да, кийин да укпасам керек. Өзүнчө бир жанга жагымдуу, уккулуктуу, назиктигин эч качан эч бир жанга айта албасам керек. Күүгө арбалып, акырын үйдөн чыктым. Түз эле токой тарапка бет алдым. Дүйнөнүн кооздугун, табияттын ушунчалык кереметтин бүгүн өз көзүм менен көргөндүгүмө сүйүнүп, баскан изим артымда чаң чыгарып бараткандыгына кубанам. Үйдөн көрүнгөн бет алдыдагы токой ушунчалык алыс да, жакын да экендигин бүгүн туйдум. Үн чыккан тарапка жетип, жетпей буттарым ооруп чарчаганымды сездим. Бир аз да болсо эс алып алгым келди, үн жагымдуу кайрыгын кайрып жатат. Жакын калды, жакын эле… Олтурган жеримде көзүм жумулуп, уйкуга мас адам өңдөнүп үргүлөп кетипмин.»
Маал чак түш эле.
«… Ээн талаа, бозоргон боз мүрзөлөр. Жалаңач денем менен жардан чыга албай жатам. Кимдир бирөөлөрдөн жардам сурап сай-сөөгүм сыздап буркурап ыйлап алыптырмын. Аңгыча эле кардай аппак болгон карга келип, мени канаты менен кайра баягы жарга кулатып жиберет. Бүткүл денем канга бөлөнүп, бет маңдайымдан тийген жерим сыйрылып, колум каңга толуп солуктап ыйлап жатам. Айланамда толгон адамдын сөөктөрү. Бир эки кадам жерде адамдын келбети кыймылсыз жатат. Тааныш дене. Ооба, жазбай тааныдым. Ал ошонун денеси. Сулуулугуна эч айып кое албайсың. Дагын деле ошол бойдон. Кантип тиги сөөктөрдөн аралап барып, тааныш денени кучактап калганымды өзүм да билбейм.
-Алтыным, жан биргем.
-Эмне дедиң. Дене ордунан акырын туруп келе жатты.
-Тирүү белең?
-Мен эч качан өлбөйм, эсиңден чыгып калдыбы, мен кайыптан келем дечү элем го. Коркпо, бул менин үйүм, уктап кеткен турбайынбы.
-Тигилерчи, булар кимдер?
-Кыжалат болбо. Алар жолоочулар, чарчашканда ушинтип эс алып кетишет. Жөн кой аларды, азыр кетишет-деп бейкапар сүйлөп жатты.
Капыстан дагы бир дене, анын артынан сөөктөр кулап келишти…»
Чоочуп ойгонуп кеттим. Түшүм экен. Баягы үн жок. Кимдир бирөө токойдун арасынан мени тиктеп тургандай, күтүп олтурдум, коркконумду же коркпогонум деле белгисиз. Шырпылдаган добуш улам жакындап келет, чөптөрдүн шуудуру, дүңкүлдөгөн үн улам жакындоодо. Тиги чоң жаңгактын алдынан өткөн жолдон аттын бышкырыгы угулуп, аттын үстүндө үргүлөп бараткан айылдаш адамды көргөндөн кийин, жүрөгүм ордуна келди.
Күндөр улам алмашып, ай өткөн сайын ичим чоңойуп, жакында эне болом-деп өзүмчө сүйүнүп коем. Кайра эри жок төрөп алды деп айтышат бекен-деп да коркком. Чын эле күйөөм, камалып кеткенге чейин билинбеген ичим, ал камалып кеткенден кийин тез чойоюуп кеткендей болгону да кыжырыма тийет.
Эки-үч ирет Жалал-Абадка барып келбедимби, барган сайын түнөп келип атсам. Бул суз ойлорум кыжаалатчылыктан алып чыга алган жок. Айтоор сансыз ойлордун кучагында күн өткөрүп келем. Андан да кызыгы баягы булак боюнда олтурган түштөн кийин ичимдин чоңоюушу, боюма баланын бүтүшү түркүн санаага салып койду.
Ошондон кийин да, апамдын үйүнө барып келдим. Өз үйүмө келгенче баягы караанды байкаган жокмун. Үйгө келип көптөн бери эч ким жашабаган үйдү иреттеп, төшөктөрдү күнгө жайып, айтоор үй ичиндеги эмеректерди жууп тазалап, кечке чейин үй иши менен алек болуп жүрдүм. Кеч киргенге чейинки чарчаганымды айтпа, шам өтүп-өтпөй эле төшөгүмө жыгылдым. Бут тартканга ал калбаган жаным, чай ичкенге да үлгүргөн жокмун.
Түндүн бир оокумунда көзүм ачылып кетти, мени кимдир бирөө чакыргандай болду. Эшиктин жарыгы өчпөгөн экен, туруп сыртка чыктым. Эч ким жок. Ай гана жай жылып батыш тарапка барыптыр. Кайра үйгө кирдим. Уктай албай ары-бери ооналактайм. Дагы эле сансыз ойлор.
-Жалгыздык кимге кандай экенин билбейм бирок, мен үчүн өтө оор болду. Күн өтпөй, саат жылбай эшикке кирип – чыгып үйгө батпай калдым…
Өзүмдү-өзүм алаксытайын-деп, гезит–журналдарды барактап, ал да болбогонунан китеп окууну чечтим. Бирок, бул деле жардам бербеди, зериге баштадым. Китеп окуп жаткан адам болуп уктап кетиптирмин. Диванда элем. Күн өтө ысык болгондуктан портучканы кичине ачып коюп, үйдү караңгылатып алгам. Уйку–соо аралыгында болсом керек, порточкадан бир нерсе киргендей болду. Көз кыйыгым менен карадым, эч нерсе деле байкалбагансыды. Уйку мени өзүнө тартып турган. Анчалык деле көңүл бурбадым. Бетиме муздак жел тийип, көзүм өзүнөн–өзү жумулуп, ушунчалык магдырап бараттым…
…Жүзүмө кимдир бирөөнүн жумшак колу тийип, мени эркелеткенин сезип эле турдум. Колу кебездей жумшак эле. Ошого ууда эркектин коңурсук жыты аралашты. Бүткүл жан дүйнөм коргошундай эрип, баягы коңурсук жытка арбалып эркектин денесин акырын сыйпалап, аны өзүмө карай тартым. Тиги да акырын бетимден жыттап, чачтарымдан сылап, эркектик карылуу колдору менен өзүнө имере тартып, колун ичимдин үстүнө койду. Анын ушул саамдагы мага кылып жаткан ар бир кыймылы жагып жатты. Колдору акырын жоон саныма түшүп, ошого ууда жүзүмдөн жыттаганы жанымды жыргатып, кулагымдын алдына акырын шыбыры угулуп, бир ыргакта дем алганы ого бетер денемди бошотуп жиберди.
– Жаным, мен сени канчалык жакшы көрөрүмдү билесиңби? Мен сени бир эле көрүп, ошол бойдон сендик болуп калганымды кантип айтып бере алар экенмин? Деги махабаттын кулу болгон бул дүйнөдө жалгыз эле мен эместирмин бирок, ошолордон да өзгөчөлөнүп калганымды билер бекенсиң…
– Замира–деген үн кулагыма шак дей түштү. Уйкуга киргенимди же соо экенимди айрый албай, нес болуп туруп калдым. Сырттан коңгуроонун чырылдаганы угулуп, ага ууду дагы – Замира деген апамдын үнү, бошогон денемди чыйрыктырып жиберди. Ордумдан ыргып турдум. Жанымда эч ким жок. Халатымдын өйдө түрүлүп калганы болбосо, азыркы эле көргөн кереметтин (балким, түшүмдүр) биринен да кабар жок. Эки жагымды кумтулап алып эшикти ачтым. Таң эчак атып, күн жайылып калган экен. Күн нуруна чагылышып, апам туруптур эшик алдында.
– Уктап калгансыңбы? Башымды ийкеп,
– Көзүм илине түшкөн экен – дедим.
Апам кыйла отуруп анан үйүнө кетти. Мен өз үйүмдө калдым. Көңүлүмдө турган бүдөмүк ойдон арыла албай, же апама ачык айта албай, айтсам деле ишенбесе керек эле. Чын эле акыркы алты айдан бери эркек менен болбой, кусалыгым артып кеткен экен. Апам кетер менен үйдүн ичинен бекитип алып, дивандан баш көтөрбөй ыйладым. Тагдырыма наалыдым…
Эптеп ошол күндү өткөрдүм. Эгер ушул түнү эркек аттуу бирөө келип, жылуу сөзүн айтып, жан дүйнөмдү козгоп койсо, баарына даяр элем. Бирок, эч ким келген жок. Кош жаздыктын бирин ачуу жашка чылап, ээн үйдү ээлеп жаттым…
Арадан күндөр өтө берди. Бул аралыкта күйөөмө 2-3 ирет барып түнөп да келдим. Бирок үйдөгүдөй кеңиричилик кайдан болсун. Корунуп кандайдыр бир кысылуу баары бир кыйнайт экен.
Кайната кайненемдер мурдагыдай эле күнү — түнү каттабай калышты, анда – санда өзүмдүн барганым болбосо, ар ким өз иши менен алек. Жашоом эл катары өтүп, күйөөмдүн жоктугу жалгызсыратпаса, деги эле мени менен эч кимдин иши жоктой. Өзүмдүн үйүмдөгүлөр деле тигилер сыяктуу. Апам гана жумасына келип кеткени болбосо, өзүм менен өзүм болуп калдым.
Бүгүн да жалгызмын. Иш издеп чыгып, иштейин десем, барган жеримдегилер «иш жок» дегенден башка жооп айтышпады. Баса берип чарчаган окшойм, келип эле диванга жыгылдым. Көпкө жаттым. Ордумдан туруп, кийим которуп сыртка чыкканымда айлана кара түнгө чөгүп калган экенмин. Бир аз шам –шуң этип алып дагы диванга келдим. Ээн үйдө эркин жашаган жаным үстүмдөгү халатымды чечип, ич кийимчен эле жата кеттим. Төшөккө жатарым менен эле, мени кимдир бирөө карап тургансып сезиле берди. Бир капталымдан бир капталыма бурула албай ойго жатам. Көзүмдү жумсам эле келип баса калчудай коркуп, жүрөгүмдүн кагуусу улам күчөйт. Көзүмдүн кыйыгы менен үйдүн ичин айландыра карайм, эч нерсе көрүнбөйт. Үйгө акырындап жарык кире баштады, балким караңгылыкка көзүм үйрөнгөндүр. Кандай болгон күндү да өзүмдү-өзүм бекем болууга чыйралтып жаттым. Убакыт өтпөй мезгил бир калыпта тургансыйт. Айланадагы тынчтык өкүмү өтө сүрдүү да, коркунучтуу да эле. Демим тартылбай калса керек, ичимдеги наристе эки-үч ирет бут кагып жиберди. Күтүлбөгөн бул кыймыл ансыз да, коркуп турган мага, кошул –ташыл болуп, «апа»-деп кыйкырганга араң жарадым. Эстен танып баратканымды же уйкуга көзүм илингенин да байкабадым бирок, көтөрүлгөн башымды кимдир бирөө акырын жөөлөп жаздыкка жаткыргандай болду.
Түндүн кайсыл убагы экени эсимде жок, жамынган жуурканымдын бир жагы акырын көтөрүлгөндөй болду, анчалык энөө албадым. Дубал тарапка оодарылып жатып алдым. Бир кезде далыма тийген жылуу демдин илебин сездим. Колтугума кирген колдон улам, өзүм да ага карап кантип оодарылып калганымды билбей калдым.
«… Көк тиреген асканын эң бийик чокусунда турам. Аалам жашыл, ушул дүйнөдөн бүткөнсүп, айлана көз жоосун алат. Боюн таштан-ташка урган көк ийрим ак көбүгүн бүркүп, бийиктиктен тосуп ал дегенсип, шаркыратманын түбүнө карай кулап бараткан тамчылардын күчү, өзгөчө бир керемет экенин, азыр да эч кимге айтып бере албасам керек.
Кантип ошол бийик аскадан түшкөнүмдү билбейм. Бир кезде эле көк ийрим суунун жанында турам. Айлананын кооздугу жан дүйнөмдү балкытып, ушул көз ирмемдик сулуулукта өмүр бою жашап келе жаткансып, деги эле көңүлүм жайдары. Жанымда жүргөн адам тээ төрөлгөн күндөн бери бирге өскөнсүп, ал мага, мен ага суу чачышып, ойносок оюнга, күлсөк күлкүгө тойбой, бир денеге сыйбай экиге бөлүнүп калгансып, бири-бирибизге жуурулуша калып, суу бойлоп кубалашып жүрөбүз. Денебизде сыйрып алар кийим жок. Булбул куштардын кубулжуп сайраганы, кадимки симфониянын күүсүндөй жаңырып, биздин ырахаттуу учурубузга суктана баа берип жаткансыйт. Буттарыбызда мамыктай төшөлүп жаткан кумдар эшилип, баскан сайын артта калып жатты…

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

1 2Следующая страница

Статьи по теме

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кнопка «Наверх»