Без рубрики

♥️ Суйот дебе.. ♥️

Билемин, конул жумшак сенде деле,
Суйом деп, корунгонго айта бербе.
Жылуу суйлоп, конулун алган болсом,
Суйунуп, ал да мени суйот дебе….

Сурот коруп, сулуусун деп бааны бербе,
Жакшы коруп, сезимдерин айта бербе.
Достошуп, журогуно жакын болсом,
Арбалып, ал да мага журот дебе…

Шандуу кундор, отсо да бизде бирге,
Сырдашып, олтурсак да тандан кечке.
Жылмайып, сага карап кулуп койсом,
Кубанып, ал да мени суйот дебе…

SeZi 💞https://ok.ru/profile/577490844645/statuses/68482370440165

Бир окуя
Айылдын чет жакасында жашаган, кош бойлуу бир аял бар эле. Анын күйөөсү баласы туула лекте эле дүйнөдөн көз жумган. Ал аял бир күнү жайлоодо жарадар бир жапайы мышыкты көрүп, аны үйүнө алып келип карай баштады. Өмүрүн куткарган аялга, жапайы мышык, үй жаныбары болбосо да, ага колго үйрөнүп үйрөнүп үйдүн айланасынан кетпес болду.
Бир канча айлар өтүп жатты, аял баласын төрөдү. Аял жалгыз башына, кыйынчылыктарга карабай, баласын багып чонойтууга аракет жасап жатты.
Күндөр өтүп жатты. Бир күнү аял бир канча саатка үйүнөн алыска чыгуусу керек эле. Курсагын жакшылап тойгузган баласы, жапайы мышык менен калууга туура келди.
Бир канча убакыттан кийин аял үйүнө келди, келсе эшигинин алдында оозу канга боёлгон жапайы мышыкты көрүп, эмне кылаарын билбей, жанында жаткан бир таякты алып, жапайы мышыкты өлөрчө сабады. Ошол убакта баланын ыйлаган үнү үйдүн ичинен угулду. Аял шашылып үйдүн ичине кирсе, бала бешикте жатыптыр, ал эми анын жанында болсо майда-майда бөлукчөлөргө бөлүнгөн жылан жатыптыр…
“Бардык нерсенин жакшы тарабын көргөнгө аракет кыл”#1

Бир акылман небересине:
— Ар бир адамдын ичинде эки карышкырдын күрөшү жүрөт.
Бири ич күйдүүлүк, ичи тарлык, кызганыч, өкүнүч, өзүмчүлдүк, пайдасыз чакырык менен калпычылык сапаттарды алып жүрөт…
Экинчиси, бейпилдик, сүйүү, үмүт, акыйкат, боорукерлик, туруктуулукту алып жүрөт…
Небереси:
— Чоң ата, анан аягында кайсы карышкыр жеңишке жетет?..
— Адам кайсы карышкырды көбүрөөк тамактандырса, ошол карышкыр жеңишке жетет…
Учурда, биринчи карышкырга кам көрүп, тоюндурган адамдар көбөйүп бара жатат…
Келиңиздер, экинчи карышкырга көп-көптөн тамак берип, жалтыратып багалы…☺

Өмүр тууралуу жети акыйкат.

1.Эч кимди сөгүп, жанын кейитип, күнөөлөбө. Өмүрдө сүйлөй албаган адамдар да бар..

2.Тамактын даамына сын айтпа. Ичээрге аш таппай отурган адамдар бар..

3. Жан жарыңа жөнсүз кейибе. Кечээ бирөө жубайынан айрылган болуу мүмкүн…

4. Үйүм тар деп көңүлүң түшпөсүн. Бирөөнүн башында ошол да жок…

5. Уул-кыздарыңдан чарчадым дебе. Бала сүйө албаган,балага жете албаган адамдар бар…

6. Жумушум оор деп даттанба. Кээ бир адамдарда ал да жок…

7.Өз өмүрүңдү каргап, түңүлбө. Айыкпас дартка чалдыгып, төшөккө таңылган жандар да аз эмес…

Өмүр — бул сый. Аны бекерге таарыныч менен өткөзбө.
Колдо барда, барыңды баалай бил!

— Эгер бирөө көбүрөөк күлүп жатса, а түгүл болбогон нерселерге да күлүп калган болсо анда жалгыздыктын азабын тартып жатат, катуу кусаланып жатат.
— Эгер бирөө көп уктап жатса, демек бир кайгысы же кабатыр кылган бир нерсе бар. — Эгер бирөө аз сүйлөсө, сүйлөсө да шашып сүйлөсө, демек ага ишенсең болот, сыр сактай алчу жакшы касиетке ээ.
— Эгер бирөө ыйлай албай жаткан болсо демек ал кубатсыз, жөлөк болуучу адам керек.
— Эгер бирөө адаттан тыш көрүнүш менен тамактанып жатса, демек ичинде кайгысы, арманы бар.
— Эгер бирөө арзыбаган нерселерге ыйлап жиберчү болсо, ак жеринен жаман көрүнүп же күнөөлүү болуп жүрөт.
— Эгер бирөө бир нерсеге бат ачуусу келип калган болсо, анда сүйүүгө муктаж, мээримге зар болуп жүрөт.

» АПАМДЫН АЖАЛЫН АТАМ СУРАП АЛДЫ…»

(Болгон окуя)
Биз алты бир тууганбыз. Эки кыз торт уул. 2000- жыл болчу. Апам ооруп райондук ооруканага корунсо, суук тийген деп дары дармек жазып бериптир. Аларды ичип, он кундон кийин дагы барса, укол жазыптыр. Ага да болбогондо анан мага айтыптыр. Мен башка жакта жашагандыктан мурун билбегем. Апамды алып шаарга жонодук. Инимдин уйуно барып, иним экообуз анализдерин тапшырып бутуп , эртеси жыйынтыгына барып, иним алып чыкканы кирип копко кечикти. Чыгып эле
—Апа анализдерди кайра тапшырабыз. Эми башка жерге.
Экообуз тен чочуй тушконубузду байкай калып,
—Апа булар сиздин боюнузда бар экен дейт ко! Чынбы?
Кызара тушкон апам ,
—Койчу кайдагы созду айтпай!!
—Ошо, да мен да айттым апам 55 е чыкса кайдагыны айтасынар, силер текшергенди билбейсинер экен. Мен жакшы текшергендерге текшертем деп баса бердим. Туура кылыптырмынбы?
Апам да башын ийкеп,
—Туура кылыпсын балам. Ушундай да доктур болобу капырай.
Апама тамашага салып алдап жатканын, инимдин ойю бир жерде болбой кыжаалат болуп турганын байкап турсам да апамдын козунчо эч нерсе дей албадым.
Дарбазанын жанына токтоп,
—Апа сиз уйго кирип дем ала бериниз. Эртен дагы анализ тапшырганы барабыз.
Дарбазадан чыгып калган аялына карап,
—Апама жакшы кылып уйдун этинен кайнатма жазап бер. Эжем экообуз дарбыз алып келеличи, эжем жакшы тандаса керек.
Машына журушу менен, инимдин эмне жашырып жатканын сурадым. Бирок журогум оозума тыгылып, жакшы соз укпашымды сезип жаттым.
Апамдын тапшырган анализдеринен женский жагынан рак деп чыгыптыр.
Мен озумду токтото албай ыйлап койо бердим. Иним мени сооротуп,
— Врачтар женил туру экен деди. Операцияга берсек, дагы он беш жыл жашайт экен.Мен баары бир анализдерин Казакстанга жиберип текшертип корууну чечтим.
Ыйлай берип шишиген козумду коруп иним, ыйлаганынызды апам корсо шекшибесин. Озунузго келгенде кириниз деп кирип кетти.

Андан кийин уч саттай убакыт отсо да, козумдун шишигени тарамак тургай, кайра тоодой болуп чыкты. Апамдан ажырап калам деген куйут жанымды жеп, басыла албай койдум. Айла жок уйго киришке туура келди
Апам мени коро сала эмнеге ыйлаганымды сурап тынчсыздана тушту.
—Магазинден бироо менен урушуп кеттим. Жаман соз айтып согуп салды эле ошого ыза болуп ыйладым.
—Жинди неме го? Ошого ошончо ыйлайбы ,тенелбей баса бербейсинби
Апамдын ишенип калганына иним экообуз тен женилдей туштук.

Ошентип Экинчи анализдери Казакстандан да ошол диагноз менен келди .
Апама «бир турбаныз ириндеп кетиптир, ошону операция кылып алып койуш керек экен» деп алдап онкологический ооруканага жаткыздык . Ал эмне деген оорукана экенин тушунбой жатып калды.
Апамды даярдаганча айылга барып мал сатып акча алып келиш учун жонодум.
Кечинде уйго келип атама айтпай койо албадым. Экообуз бир убака чейин ыйлап бири бирибизди сооротуп отуруп, танга маал мал базарга бара турган болуп, уктап калган экенмин. Ойгонуп эле атамды таппай калдым. Издеп эшике чыгып, сарайдын аркасындагы дободо отурганын коруп, атамды карай жонодум.Эки жолу «ата’ десем да карабады. Жакындаганда, суйлоп жаткан унун угуп туруп калдым.
—Оо кудай Кекиндин ордуна мени ал!! Кагылайын кудай Кекиндин алдына ала кор. Мени артына калтыра корбо!! Кекиндин олумун козумо коргозо корбо!! Аны алгыча мени ал.!!
Мен атамдын жанына жетип барып
—Ата суранам экоон тен олбогуло!! Антип айтпаныз!
Мен тарапты караганда атамдын аккан жашы ээгинен тамчылап жаткан экен.

Мал сатып, акча кылып
ооруканага келсем апам жанындагы аялды коргозу
—Бечара келин рак имиш. Кудай жардам берсе экен,деп калды. Мен эшике чыгып ыйлап келем.
«Бул жерде рак менен ооругандар коп экен’ деп калат.
—Апа бул жерде аралаш жата беришет. Рак жугуштуу эмес да деп калп айтам. Озунун рак экенин билбестен башкаларды аяп, айыгып кетишин тилеп журот.

Апам операциядан чыкканда эч кандай рактын вирусу калбайт деп умуттонгонубуз бекер болуп, кийинки анализи да жаман чыкты.
Ыйлап сыктап журуп доктурлардын айтуусу боюнча, жок дегенде омурун уч жылга кармаш учун, химия терапияга бердик.
Бул этап менен дарылангандан кийин, башка укол дарынын таасири тийбей калат экен.
Чачтары тогулуп, арыктаган сайын журогубуз зыркырайт.
Уйдо жакшылап ,ысыка чыгарбай багып жаттык.
Атам апамдын эле козун карайт.
Кундор отуп, химия тер-я дан кийин бир жыл отту. Биз апамды кезек менен карап, менин кезегим бутуп уйумо келгениме уч кун болгондо, артымдан эле атам ооруп ооруканага тушуп калганын угуп, ооруканага жонодум. Келсем атамдын ону сапсары болуп кетиптир. Врачтар сарык деп таап дарылап жатышкан экен. Атам «эч жерим ооруган деле жок саргайып кеттин деп эле жаткызып койушту. Кемпиримдин жанына эле барайынчы» деп безилдейт.
Жатканына он кун болсо да жылыш болбогондо, шаарга жонодук. Ал жактан урой учурган «рак» деген диогноз чыкты.
Ооруканага он беш кун жаткандан кийин, доктурлар уйго барып он кун бул уколдорда алып эс алып келсин деп уйго чыгарды. Уйго келгенде эле алыстагы, жакындагы балдар кыздарын баарын чакыртып, бир койду сойдуруп, коноктотту. Эртеси кете тургандар кете турган болуп калганда, бугун калгыла деп кетирбей койду. Бир баласына тырмагын алдыртып, бирисине жуундуртуп, киймин которунуп, эшике чыгып тапчанда отуруп, балдарын бирден чакырып акыл айтып «Эми менин уйго киргизгиле да апан окообузду жалгыз калтыргыла» деди.
Апам атамдын жанында копко отурду.
Анан эле апамдын ыйлаганын угуп жугуруп кирсек, Атам узулуп кеткен экен…
Ошентип атамдан тез аранын ичинде эле ажырап калдык…
Атамын кыркы анан жылы отту.
Апам онуно кирип оноло баштагандай болду. Шаарга кезектеги анализин тапшырганы барганыбызда врачтар тан калгандан, эмне менен дарылаганыбызды сурашты. Албетте Элден укканыбызды эле кылып жаттык, бирок озубуз да врачтар тан калат турган жыйынтык кутпогонубуз чындык эле…
Кудайга мин мерте шугур!!! Апам азыр жакшы болуп кетти.
Апамдын ажалын кудайга жалынып журуп атам алып кетти.
#1

Автор: К.Т.

Сиз маани бербей жасаган майда-барат нерселер ден соолугубузду аздан бузуп отурат. Ошондуктан качан гана ооруп, төшөктөн тура албай калганда ооруканага барбастан, азыртадан алдын алып, ден соолугуңузга кам көрүңүз.

Жылмаюу — ооруган жерди басуучу касиетке ээ. Андыктан күнүгө жөн да болсо күлүп, дайыма позитивдүү жүрүңүз.

Спорт менен дос болуп, жумасына бир нече жолу спорт залга барып турууга убактыңыз болбосо, үйүңүздөн эле  күнүгө 15 мүнөтүңүздү көнүгүүлөрдү жасоого жумшаңыз. Буга да такыр эле убактыңыз жок болсо, жумушуңузга чейин жөө басып же көп кабаттуу имараттарга лифттин жардамысыз чыгыңыз. Дайыма кыймылда болуп, ашыкча май топтогондон сактаныңыз.

Жумасына жок дегенде бир жолу балыктан даярдалган тамактарды жеп, жүрөк жана мээнин жакшы иштешине шарт түзүп бериңиз. Бул максатта лосось, сёмга, форель сыяктуу кызыл балыктарды тандаганыңыз дурус.  

Кызыл шарапты бир айда бир жолу ичип коюу жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт. Ошондой эле анын жардамы менен гемоглобинди көтөрүп аз кандуулуктун алдын алса болот.

Бир жумада үч жолу аспирин дарысынын төрттөн бир бөлүгүн ичип турсаңыз, бир нече жылдан кийин байкалуучу инсульт жана инфаркт ооруларынын алдын алган болосуз.

Эртең менен жок дегенде бир чыны чай менен бир кесим нан жеп кетишиңиз керек. Эртең мененки тамакты калтыруу ошол күнкү эс тутумуңузга, бир нерсени кабыл алууңузга терс таасирин тийгизет.

Бардык азык-түлүктөрүңүздү акырындык менен бузулуусу үчүн  муздаткычта кармаңыз. Мөөнөтү өткөндөр болсо колдонуп албоо үчүн сорттоп ыргытып туруңуз. 

Эгерде сиз дайыма олтуруп иштөөчү жумушта иштесеңиз, анда саат сайын үч мүнөтүңүздү  көнүгүү жасоого жумшап туруңуз.

Чылым чегүүдөн баш тартыңыз. Муну менен сиз акчаңызды гана үнөмдөбөстөн, өпкөңүздүн бузулуусун, кан айлануу системасынын начарлоосун, инфаркт, инсульт, иммунитеттин түшүүсүн, мезгилсиз картаюунун алдын аласыз.

Алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуу жүрөк жана кан тамыр, заара бөлүп чыгаруу, ичеги-карын ооруларына алып келип, мээге терс таасирин тийгизет.

Эгерде кимдир бирөөгө ачууңуз келсе, аны ичиңизге катып жүрө бербей болушунча сыртка чыгарып, айтып алганыңыз оң. Ал кырдаалды ойлоп кайгырып же кыжырыңыз кайнап отуруу тез картайышыңызга алып келет.

Бүкүрөйбөй, арка, бел, моюнуңузду түптүз алып басыңыз. Көптөгөн оорулар арткы омурткалардагы көйгөйлөрдөн келип чыгат.

Күнүнө 1.5-2 литр суу ичишиңиз керек экенин жакшы билсеңиз керек.

Үй-бүлөлүү адамдар жалгыз бой адамдарга караганда 5-7 жыл көп жашарын адистер далилдешкен. Андыктан жалгыз жашоого да болбойт.

Күнүгө түнкү уйкуга сегиз сааттык убакыт бөлүп, бир убакытта жатып, бир убакытта турганга үйрөнүңүз. Уйку гана сиздин физикалык күчүңүздү калыбына келтирип, мээңизди эс алдырып, маанайыңыздын көтөрүңкү болуусуна жакшы жардам берет. Иммунитетиңизге да уйкунун чоң таасири бар экендигин унутпаңыз.

Дайыма маанайыңыз чөгүп, депрессияда болуп жүрүү, башкача айтканда, пессимист болсоңуз,  өзүңүзгө бир ооруну пайда кылып жатканыңызды эске алыңыз. Көп оорулар депрессиянын артынан пайда болот. 

Оор жүктөрдү көтөрүү менен арка омурткаларыңыздын ортосундагы диск жана муундарга басым жасап жатасыз. Ошондуктан чоң адамга 15 килограммдан  ашык жүк көтөрүүгө болбойт.

Кандай гана спорттун түрү болбосун, үзгүлтүксүз жана туура, 150 мүнөттүк машыгуу сиздин өмүрүңүздү беш жылга узартат. Спортту таштап салуу дагы ошончолук терс таасирин тийгизет.

Ысык ванна дене-мүчөңүздү эле эмес, жан дүйнөңүздү кошо эс алдырып, териңизди жумшартып, сергитет. Кээ бир кошулмалары бар ванна суусу арыктаганга жардам берет.

Кучакташуу, өбүшүү дагы өмүрдү узартарын айтып келишет. Жакын адамыңызды бир күндө аз дегенде сегиз жолу кучактап өөп, сүйүүңүздү билдирип туруңуз.

Күнүгө эртең менен бир чай кашык бал жеп туруу менен ооруларды алдын аласыз, иммунитетти көтөрөсүз. Эгерде балдын өзүн эле жебейм десеңиз, жер жаңгак кошуп жеңиз.

Температурасы 17-18 градус болгон бөлмөдө жатуу менен жаштыгыңызды сактап узартасыз.

Телефон аркылуу  3-4 мүнөттөн ашык сүйлөшпөө керек. Себеби көп сүйлөшүү баш менен көздүн оорусуна, начарлоосуна алып келет. Дайыма бир кулак менен телефондо сүйлөшүү да кулактын оорусун пайда кылат.

Уюлдук телефонду үч жылда бир жолу алмаштырып туруу керек. Себеби улам жаңы чыккан аппараттын зыяны азыраак болот.

Уктаар алдында телефонуңузду өчүрүп, заряд алып жаткан учурда жарым метр алыстыкта туруусу абзел.

МААНАЙ ҮЧҮН😂😂

Аялы командировкага кетет. Күйөөсүнө смс жазат: «Асылым, Аруукени саат 8.10 же 8.15ке бала бакчага алып барып калуу керек. Ошондуктан аны 7.30-7.35те ойготууң керек. Ага колготки, ток көк түстөгү жынсы шым, экинчи полкада турган футболкасын кийгиз. Анын үстүнөн сыя түстөгү же малина түстөгү кофточкасын кийгиз. Бул кийимдер баягы бөлмөдөгү 3-полкада турат. Ошол эле полканын жанындагы шкафты карасаң кызгылт түстөгү көйнөгү бар, ошону ал. Сенин кийимдериң турчу полканын сол тарабын карасаң байпактар бар, ошол жерде жумшак үй тапичкесин алганды унутпа. Анан чачын экиге бөлүп «куйрукча» сымал байлап бергени аракет кыл. Чачына такчу резинкасынын кандайдыр сүрөтү бар эле, ошону тагып бер, ал күзгүнүн жанындагы текчеде турат. Аба-ырайын байка, кызгылт түстөгү пальтосу менен сыя шапкесин кийгизип, кызгылт моюн орогучун байла. Же болбосо жашыл түстөгү шапкеси менен тагып кое бер ошол кызгылт моюн орогучун. Бутуна баягы жаңы өтүгүн кийгиз. Баарын текшерип, даярдана бергиле. Болбосо мага чалсаң. Мен ойгоомун.»Бир аздан кийин эле күйөөсүнөн жооп келет: «Биз бала бакчага барбай эле коелу деп чечтик…»)))😅

______КӨҢҮЛҮМДҮН АСМАНЫ_______
Булут каптап алган өңдү асканы,
Бүркөлгөндөй көңүлүмдүн асманы,
Өткөндөрдөн өтмүштөрдү өчүрүп,
Жаңы жашоо баштап жатам жап жаңы.
__
Акым жоктой адашып мен басканы,
Көңүл түйгөм бакытымды тапканы,
Өтмүштөрдөн багытымды өзгөртүп,
Жаңы жашоо баштап жатам жап жаңы.
__
__________КАЙРАТ АШУРОВ___________

Билип кылган күнөөлөрүм көп чыгар,
Билбей дагы жасаганым эсепсиз.
Бүт баарына күбөө болдуң ээ, Кудай!
Болбойт тура бардык нерсе себепсиз.

Болоор катам. Күмөнүм бар: күнөөм көп,
Сезем кээде салып көрүп саресеп.
Айтып анан ар кадамдын эсебин,
Төгөөр бир күн күнөөлөрүм көнөктөп…

Болбос адам бул жалганда жаңылбас,
Керек кээде өз кадамың тастыкташ.
А себеби эртеңиңе (сактасын),
кечээ өзүң койгон кадам болоор кас.

Гүлзат Кудайбердиева.
https://ok.ru/group/55422924292120

Атамдын девушкасы!

Москвадан айылга жаңы эле баргам. Бир күнү Атама:
— Телефонунузду бериңизчи, айылдагылардын номерлерин жазып алайын — деп сурап алып жазып атсам, «ЖАНЫМ» деген атка көзүм чалдыгып калды. «Апамы ушинтип сактап алса керек» — деп номерин карасам башкача. Эсим ооп эле отуруп калдым. Кантсе да чалып көрөйунчү деп түн болсо да чалууну туура кордум. Чалсам телефонду бир кыз алып:
— Алло, жан — дейт. Коркуп кетип өчүрө салдым.
Көздөрүм тунарып, Тынар айткандай шакарим (сахарым) көтөрулүп кетти. Мен өмүр бою идеал деп билген адамым кантип ушул жолго барды деген суроо мени жеп атты. Көз алдыма Атамды кыздар менен жүргөнүн элестете баштадым. Ыйлап атам. Ортодо Апамды да аяп кеттим, байкуш эч нерсени билбейт да деп. Кайра чалдым анан чыйралып. Кайра эле назик үн. «Сиз кимсиз» — десем,
— Мен девушкасы болом, өзүно берип койгула телефонду — дейт. Ошондо жарылып кеттим.
— А сиз билесизби, ал адамдын алты баласы бар экенин — деп кыйкыра баштадым, ал кыз унчукпай, коюп салды телефонду.
Менде истерика башталды.
Жашоом заматта тозоко айлана түштү. Атам кантип эле деп чыркырайм. Карыганда жолдон азгырган кызды жок кылам, ал жашайт же мен жашайм бул жашоодо деп туталанып алгам.
Таң атканча кирпик какпай чыктым. Атам ошол кыз менен кетип калсачы, Апам байкуш көтөрө албайт го бул нерсени деп дагы ыйлай баштадым.
Эрте менен эртерээк туруп камыр жасап атсам ашканага Атам кирип, козу, бир жерин ооруп атабы? эмне өңүң бозоруп кеткен дейт. Ичимден билмексен болуп коет дагы деп жиним келип сүйлөбөй койдум. Атам мени таң калып карап коюп чыгып кетти. Анан менден улуу агамдын 16 жаштагы баласы Сыймык кирип эле кыйкырып кирсе болобу:
— Сиз мени эмне кыздарга анын алты баласы бар дегенсиз, — деп. — Мен сени айтпагам, мен Атамды айткам,- десем,
— При чем тут Атам, если мага звонок кылып атса,- дейт. Мага ошондо жетти, ал Сыймыктын девушкасы экени. Жинди кишиче жер тепкилеп каткырып кулгом сүйүнгөнүмдөн. 😀😀😀 Эх, атакелер бар болсун!

Автор
https://ok.ru/profile/577490844645/statuses/68127263362021

Статьи по теме

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»