Сражидин Буркановго
Сыражиддин, таги түгү Сыртчы акын
Ырларымды сындап турган сынчы акын
Сыраж акам, аман болуң ар дайым
Жүрөгүмө сиз жараткан ыр жакын!..
Бурканов бул-бал аарычы, дарыгер
Дарыларды жасап туруп асалдан,
Аллах шыпаа берип сен көр-мени көр
Айыктырып коёт ар бир касалдан.
Аяш атам электрик, сүрөтчү
Сүрөт тартса окшоп куюп койгондой,
Чыгармаңыз унутулбай эч качан
ташкындасын, сансыз кылым болгондой...