Менин ырларым
АППАКАЙ ТӨШКӨ ЧАЧЫРАП
Көнөктөп жааган жамгырым,
Айта албай жатат өз сырын.
Мынчалык неге эзилдиң,
Басылсаң боло бир тыным.
Шатырап жааган жамгырым,
Бүткүдөй эмес бул ырың.
Эзилип кетти дандырлар,
Токтой турчу бир тыным.
Көңүлүн бөлүп камырга,
Туруштук берген жамгырга.
Аппакай төштүү сулуунун,
НАНЫ БЫШАТ ТАНДЫРДА
Эзилип тандыр кычырап,
Сынгандары бычырап.
Жаап жатат жамгырым,
Аппакай төшкө чачырап.
Элирип кетип жамгырым,
Сулуунун төшүн кармалап,
Жыттагылап аймалап,
Жаап жатат саймалап…
ЖЫРГАП ЖАТАТ МАМАКТАРЫН ТЕБЕЛЕП
Ырды жаздым ойлонбостон тим эле,
Оо, Кудурет! Акын деген ким эле?
Шатыратып жаап жаткан жамгырым,
-Жаратылыш акыны чын сен эле!
Сен акынсың, сонун ырды жараткан,
Эргүү берип, туш-тарапка тараткан.
Карап турсаң, сүлкүлдөгөн сулууну,
Төшүн тосуп жамгырларда бараткан.
Жамгыр акын сулуу төшүн аймалап,
Жаап жатат тамчылынып, саймалап.
Эргүү алган жан дүйнөнүн сулуусу,
Бара жатат жамгырларды кармалап.
Жамгыр болсо кичинеден себелеп,
Жыргап жатат мамактарын тебелеп.
Эрип жаткан жан жыргалдын сулуусу,
Бара жатат жамгырларга эркелеп.
Автору: Калмамат Турдубаев, Мырза Аке айылы