Айчүрөгүм
Биздин өчпөс, биздин сүйүү күчүбүз,
Бул жашоону, бул дүйнөнү багынтат.
Бактысыз күн, бактысыздар дүйнөсү,
Бизди күтүп бүтпөс кылым сагынат….
Биздин эми, биздин жашоо мүнөттөр,
Түбөлүккө калат тарых эскерип.
Биз кеткенде из калтырып сүйүүдөн,
Бизди эстеп курар кимдер эстелик….
А мен акын, өлбөс акын болсом дейм,
Талпынгын деп согот улам жүрөгүм.
А сен менин ырларымда жашаган,
Ак сүйүүмдү багынткан Айчүрөгүм…
А сен менин ырларымда жашаган,
Акын сүйүүсүн багынткан Айчүрөгүм……
Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району