Жардамга ким кол сунат
Билген билсин, билбегенге не чара,
Тепселенет, чындык деген бечара.
Кыргыз туусун бөтөлкөгө теңешип,
Келечексиз ойрондолгон замана.
Багыты жок агылабыз кай жака,
Гербибизди теңдедикпи шарапка.
Оо, кыргызым эсибизди жыйалы,
Уят болбой душмандар тарапка.
Бир мекенди улуу кылган тууну,
Араккечке жүз сом үчүн сунду.
Деген кепти ойлондуңбу оо элим,
Намыстыгың кайда сенин турду.
Думугуп мекеним биздин тумчугат,
Күндөн-күнгө алгалап бир умтулат.
А биз болсо теңеп салдык шарапка,
Уят болсок, жардамга ким кол сунат?!
Туубуз менен гербибизди жоготсок,
Жанын кыйып, жардамга ким кол сунат?!
Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы