Киргиз болуп калабызбы
Гөр тирилик, башка үйүп санаабызды,
Үйдон бездик, таштадык калаабызды.
Кымыз жытын унутуп, кырда жүрбөй,
Тоону чанып, кыргыз болбой калабы?
Бөтөн тилде сүйлөп жатса балабызды,
Бөдөнөнүн үнүн укпай калабызбы?
Ак сут берген энелер унут калып,
Эне болбой угуп калдык “мамабызды”.
Чачты боеп, саргайтсакда карабызбы?
Мээрим жок”каапыр”болуп калабызбы?
Акыретти ойлонбой ата-энелер,
Өз балабызды тозоко салабызбы?
Кеч болбой ойлонолу санаабызды,
Неге биз…Кыргыз болбой калабызбы?
Жыргал кун, ушул берген тарбия учун,
Акыретте көрөбүз биз “мамабызды”.
Кыргыз болбой, киргиз болуп калабызбы?
Автору: Гүлайым Мукарамова, «”Кыздар ай” адабий клубу» Лейлек району, Коргон айылы