Жаз келип калган окшойт?
Жаз келип калган окшойт? Ар күнү жамгырлар.
Жаралып калса дейм, бул жазда жакшы ырлар.
Жүрөгүм толуп турат, кусалык сагынычка.
Жолугуп калса экен, айрылган көп тагдырлар.
Жаз келип калган окшойт? Улуулап акты суулар.
Жигиттин оюн бурду, мендей бир сулуулар.
Жок дебейм бул түндө, жолугам деп айтсаң.
Жүрөгүм эзип бүттү, мен сендик сагынуулар.
Жаз келип калган окшойт? Муздабай калды колдор.
Жалгызым экөөбүздүн, туташса экен жолдор.
Жаңы эле жашоого, жаз келип турган кезде.
Жаңылбай жазмышынан, бир чыкса биздин ойлор!?
Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы